Биз менен байланышыңыз

БШК: Шайлоочулардын саны 94 миңге өстү

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 446 | 0

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн өлкө боюнча 2475 шайлоо участогу ачылды. Жалпысынан 2000ден ашуун комиссиянын мүчөсү иштеп жатат.

Алдын ала добуш берүүнүн алкагында түзүлгөн тизмеге карата, шайлоочулардын саны 94 миң 400гө өстү. Шайлоочулардын 47%ы — эркектер, 53%ы — аялдар.

Быйыл шайлоого 16 партия катталган. Шайлоого даярдык мезгилинде 57 талапкер тизмеден алынып салынды.

«Жалпысынан добуш берүүгө бардык участкалар даяр. Шайлоо быйыл эпидемиологиялык абалда өткөрүлүп жатат. Жарандардын ден соолугун коргоо, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо үчүн өкмөт алгоритм иштеп чыккан. Ар бир шайлоочуга беткап жана колкап берилип, дене табы өлчөнөт. Шайлоочуларды социалдык аралыкты сактоого чакырам», — деди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Шайлоо участкалары ар бир 2 саатта дезинфекцияланып турат. Ошондой эле шайлоонун жүрүшү жана шайлоочулардын катышуусу боюнча ар бир эки саат сайын маалымат берилет.

Жээнбеков: Шайлоого менин аппаратымдын кийлигишүүсү минималдуу болду

Бүгүн, 4-октябрда добуш берүү күнү Өкмөт үйүндө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн уюштуруучулук маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору иштейт.

Добуш берүү күнү шайлоочулар электр жарыгынын, интернеттин жоктугу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар тараптан беткап режиминин, санитардык ченемдерди сакталбашы жана башка мыйзам бузуулар болсо ишеним телефондоруна чалса болот.

Ишеним телефондор: (0312) 66 28 58, 62 51 19, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11, факс (0312) 66 61 97.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул номурларга чалуулар «Кыргызтелеком» ААКнын Бишкек шаардык түйүнүнүн стационардык телефондорунан акысыз, ал эми аймактардан жана уюлдук операторлордон учурдагы тарифтерге ылайык жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM