Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 4 Окт 2020 | 608 | 0

Кыргызстанда бүгүн, 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында өлкөдөгү жана чет өлкөдөгү шайлоо участоктору жарандарды кабыл алууга толук даяр.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына 16 партия ат салышууда. Алар: «Биримдик», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Мекеним Кыргызстан», «Реформа», «Ата-Мекен», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Афган согушунун ардагерлери», «Ордо», «Бир Бол», «Республика», «Кыргызстан» жана «Чоң Казат» партиялары.

Кошумчалай кетсек, БШК бул жолку парламенттик шайлоону уюштурууга 449,58 млн сом коротту. Добуш берүү үчүн жалпы 2474 шайлоо участогу ачылды. Жалпы 3 млн 523 миң 532 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары 5928 бюллетень Брайль тамгасы менен жасалган.

Өкмөт башчы: Шайлоого даярбыз

Copyright © 2017 Maral FM