Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы: Шайлоого даярбыз

Кыска кабар | 3 Окт 2020 | 819 | 0

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов парламенттик шайлоону өткөрүүнүн уюштуруучулук маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.

«Бул жолу өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процесси коронавирус инфекциясы пандемиясы маалында өткөрүлгөнү менен өзгөчөлөнүп турат. Шайлоону өткөрүү жогорку уюшкандыкты, анын ичинде эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылууну талап кылат. Ар бир шайлоочу, комиссия мүчөлөрү, байкоочулар, коопсуздукту камсыз кылгандар жана башка жарандар санитардык-эпидемиологиялык талаптарды, бет кап режимин сактоого тийиш», – деди премьер-министр.

Ал шайлоо процессине даярдык көрүүнүн жүрүшү жана аны өткөрүүдө келип чыккан маселелер жеринде ыкчам тартипте чечилиши керектигин кошумчалады.

Кубатбек Боронов коомдук коопсуздукту камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ички иштер органдары депутаттарды шайлоо өнөктүгүнө даярдануу жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча планга ылайык иш алып барышы керектигин айтты.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасында шайлоо жараяны санарип технологияларын колдонуу менен өткөрүлүп жатканын, шайлоочулардын тизмесин түзүү жана идентификациялоо биометрикалык маалыматтардын негизинде жүргүзүлгөнүн, ал эми автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын жардамы менен добуштар саналарын  эске салды.

«Шайлоо процессинин катышуучулары шайлоочуларды өздөрүнүн платформалары жана программалары менен тааныштырууга мүмкүнчүлүктөрү кеңири болду. Шайлоону ачык-айкын, таза жана атаандаштык менен өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлдү.

Мен кыргызстандыктар жарандык жогорку жигердүүлүктү көрсөтүп, шайлоого барып, өлкөнүн келечеги жана өнүгүшү үчүн туура тандоо жасайт деп ишенем. Бул шайлоо коомду негизги баалуулуктардын — биримдиктин жана туруктуулуктун айланасында консолидациялоонун фактору болушу керек», – деп Кубатбек Боронов белгиледи.

Жыйындын соңунда Кубатбек Боронов дагы бир жолу шайлоо участкаларынын даярдыгын, аларды электр энергиясы, кошумча генераторлор жана интернет байланышы менен камсыздалышын, өрт коопсуздугу боюнча чаралардын сакталышын катуу көзөмөлдөөнү, укук коргоо органдарына чагымчылдыкка жол берөө жана шайлоочуларга пара берүү аракеттерин ыкчам тартипте токтотууну милдеттендирди.

«Шайлоочулардын нааразычылыктарын жаратпаш үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары милдеттерин так аткарышы керек. Менин оюм боюнча, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө даяр», – деп сөзүн жыйынтыктады премьер-министр.

Copyright © 2017 Maral FM