Биз менен байланышыңыз

Жаманкулов: Талкаланган Алай петроглифтери калыбына келтирилет (видео)

Кыска кабар | 2 Окт 2020 | 496 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Алай районундагы петроглифтердин талкаланганын жеринен көрүп келди.

Деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте жайгашкан петроглифтер көмүр казуу аракетинен улам талкаланып жатканын буга чейин Кыргызстанда жашаган түркиялык сүрөтчү Зафер Динжер айтып чыккан.

Түрк сүрөтчүсү Саймалуу-Таштагы петроглифтерге тынчсызданды

Министрлик петроглифтердин абалын жеринен иликтөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, археологдор жана атайын адистерден турган топ түздү. Териштирүүдө аталган аймактагы петроглифтер Кара- Суу районунун Ак-Жылга жайлоосундагы «Загара», «Калдырма» жергесиндеги «Көл»  петроглифтери экендиги далилденди.

Ал аймакта бир канча мыйзамдуу жана мыйзамсыз көмүр кенин казган компания бар экендиги маалым болду. Мыйзамсыз көмүр казуу иштерин жүргүзүп жаткан башка компания “Көл” петроглифтерин зыянга учураткан.

Жыйынтыгында, петроглифтерге зыян келтирген тараптарды мыйзам чегинде жоопко тартууга керектүү документтер даярдалып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп  берилет.

Мындан сырткары петроглифтердин бузулган бөлүгүн калыбына келтирүү, сактоону толук камсыз кылуу планы иштелип чыкты. Министр Азамат Жаманкулов мындай мыйзамсыз иш аракеттерге бөгөт коюу максатында ар бир петроглиф жана эстеликтер эсепке алынып, ошол жайдын картасы жана коргоо зонасын аныктоо иштерин тез аранын ичинде иштеп чыгууну тапшырды.

Буга чейин сүрөтчү Зафер Динжер (Zafer Dincer) Ош облусунун Алай тоолорундагы Мурдаш –Башы, Туура-Бел жана Көл тарыхый- маданий мурас эстеликтери көмүр кенин казуу учурунда талкаланып жаткандыгы тууралуу айтып чыккан.  Ал жеринен сүрөт жана видео жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM