Биз менен байланышыңыз

Түрк сүрөтчүсү Саймалуу-Таштагы петроглифтерге тынчсызданды

Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 478 | 0

Кыргызстанда жашаган түркиялык сүрөтчү Зафер Динжер (Zafer Dincer) социалдык тармактагы баракчасына Саймалуу-Таштагы петроглифтердин талкаланып жатканы тууралуу сүрөт жана видео жарыялады. Сүрөтчү Алай районунун эң кооз жерлеринин бири коркунучта экенин айткан.

«Мурдаш жана Кара-Кур айылдарынын эли чыккан Калдырама, Боз-Бээ, Ак-Бай жайлоолорунда жайгашкан Көк-Көл тез арада жоголуп кетиши мүмкүн. Ошол жактагы жаңы көмүр карьери 2-3 күн мурун иштеп башталыптыр. Көлдүн айланасындагы уникалдуу cаймалуу таштардын көбү көмүргө салган жолдун себебинен сынып жана талкаланып баратат. Эгерде техникалар ишин уланта берсе, бир жумада бул кооздугу укмуш болгон жерден айрылып калабыз деп, тынчсызданып жатабыз. 3-4 миң жылдан бери тынч-аман сакталып келе жаткан бул маданий байлык жакында жоголуп кетиши толук ыктымал. Бул Кыргызстандын тарыхый мурасын сактап калуу боюнча иштер башталышы туура деп эсептейбиз».

Бул окуя боюнча маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов реакция кылып, Саймалуу-Таш тарыхый объектилердин тизмесине киргизиле электигин, бирок аны коргоо маселесин чечүү үчүн милицияга кайрылгандарын билдирди.

«Тарыхый объект турган жерде коммерциялык иш жүргүзүүгө уруксат берилген эмес жана биз менен макулдашылган эмес. Азыр тарыхый объектинин жок болушуна жол бербөө үчүн укук коргоо органдарына кайрылып жатабыз», — деди Жаманкулов.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM