Биз менен байланышыңыз

Чехияда коронавирустун антирекорду катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Окт 2020 | 412 | 0

Чехияда сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган 3493 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрине таянып, эл аралык маалымат булактары жазды.

Чехияда COVID-19 менен катталгандардын жалпы саны 74 255ке жетти. Анын 34 186сы айыгып, 768 адам каза болгон.

Буга чейинки антирекорд 3126 жаңы учур менен 17-сентябрда катталган.

Чехияда 5-октябрдан тарта 1 айлык өзгөчө абал режими киргизилмекчи.

Copyright © 2017 Maral FM