Биз менен байланышыңыз

«Республика» партиясы тарапташы өлтүрүлгөнүн кабарлады

Кыска кабар | 1 Окт 2020 | 6893 | 0

«Республика» саясий партиясынын тарапташы Замир Ормон уулу Ош облусунун Өзгөн районунда өлтүрүлдү. Бул тууралуу аталган партиянын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арстан Туржанов кабарлады.

Өлтүрүлгөн жаран 2020-жылдын 30-сентябрында алдын ала маалымат боюнча бычактан алган жаракаттан каза болгон.

Партиянын маалыматына караганда, парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери башталгандан бери өлкөнүн айрым аймактарында партиянын тарапташтарын моралдык жана физикалык кысымга алуу, уруп-сабоо, өлтүрүү фактылары аныкталды.

Учурда укук коргоо органдары окуяны иликтеп жатышат, бул жорук талаптагыдай туура иликтенбей, мамлекеттик компетенттүү органдар тарабынан үй-бүлөлүк кылмыш катары гана көрсөтүлөт деген кооптонуу бар”, -деп айтылат билдирүүдө.

Андан тышкары, Чүй облусунун Панфилов району боюнча «Республика» партиясынын штабынын башчысы Д.Б. Болотовго «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлү ачык кысым көрсөткөндүгү айтылат.

Нарын районунун Алыш айылында «Республика» партиясынын дагы бир агитатору сабалган. Жабыр тарткандын айтымында, аны «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү сабап, ооруканага түшкөн.

Сабоо фактылары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды.


«Республика» парламентке келсе, өкмөт башчылыкка Бабановду сунуштайт


Ошондой эле, ушул эле аймактын Эмгек-Талаа айылында “Республиканын” колдоочусу Денисак Болот уулуна «Биримдик» саясий партиясынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан кысым көрсөтүлгөндүгү кабарланды.

Киши өлтүрүү менен системалуу түрдө уруп-сабоодон тышкары, биздин аймактык штабдын мүчөлөрүнө, байкоочуларга, ишенимдүү адамдарга жана башка тарапташтарыбызга ар кандай провокациялар колдонулуп, үгүт жана шайлоочуларга байланышкан иш-аракеттерди күч менен токтотуу менен биздин партиянын жана анын талапкерлеринин беделин түшүрүү боюнча масштабдуу провокациялар болуп жатат”, -деп айтылат маалыматта.

Аталган партия жогоруда айтылган кылмыштарга байланыштуу укук коргоо органдарынан объективдүү иликтөө жүргүзүүнү, Башкы прокуратурадан тергөөнүн жүрүшүн өзгөчө көзөмөлгө алууну, ал эми БШКдан шайлоо мыйзамдарында каралган тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылууда.

Мындан тышкары, саясий оппоненттерин мыйзамдуулукка жана зомбулукту колдонуудан баш тартууга чакырат.

Казакбаев: Бабановдун таасири дагы деле бар

Copyright © 2017 Maral FM