Биз менен байланышыңыз

Казакбаев: Бабановдун таасири дагы деле бар

Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 554 | 0

Өмүрбек Бабанов «Республика» саясий партиясын каржылабайт, кеп-кеңешин гана берип турат. Бул тууралуу депутат Руслан Казакбаев, журналист жана блогер Майраш Базлакунованын Youtube-каналына берген маегинде айтты.

Казакбаевдин пикиринде, Өмүрбек Бабанов саясаттан кеткени менен анын электораты, саясатчы катары баркы сакталып кала берет. Анын партияны түптөөдөгү салымы да чоң.

Саясатчы Өмүрбек Бабанов акыркы күндөрү коомчулукта «Республика» партиясынын мүчөлөрү менен чогуу көрүнө баштады.

“Республика” саясий партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов саясаттан кеткенин 2019-жылдын декабрь айында билдирген. Ал байракты жаштарга берерин жарыялап, саясий долбоорун да жыйынтыктаганын жар салган.

Партия лидерлигине Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев шайланган.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодо дээрлик 600 миң шайлоочунун добушун алып, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдон кийинки орунда келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM