Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу кечигүүдө (сүрөт)

Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 647 | 0

Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу графиктен артта калууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов оорукананын имаратынын курулушу создугуп жатканын сындады. Ошондой эле иштин сапатына байланыштуу бир катар арыздар түшүп жаткандыгын айтты.

«Бардык курулуш жана көрктөндүрүү иштери кыска убакыттын аралыгында бүткөрүлүшү керек. Куруу жумуштары өз мөөнөтүндө аяктайт деп айтылган. Жетишпей калдыңар. Силерге дагы убакыт берилди. Бардык иштерди максималдуу түрдө ыкчам аяктоо зарыл», – деди Кубатбек Боронов.

Ишти аткаруучу фирман жүргүзүлүп жаткан иштер, суу менен камсыздоо жана канализациянын туташуусу жакынкы аралыкта бүтөөрүн кабарлады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасында өзүнчө интенсивдүү терапия жана реанимациялык блок каралган.

Бардык бөлмөлөр тиешелүү жабдуулар менен жабдылып, санитардык-эпидемиологиялык нормаларга жооп берет. Курулуш жумуштары бүтөөрү менен медициналык жабдууларды жана эмеректерди орнотуу, жайгаштыруу иштери башталат.

Өлкөдө коронавирус инфекциясы жайылып, медициналык жайларда орундар жетишсиз болуп, ооруканалардын эскилеринде каптилдык ремонт иштери жүрүүдө. Ал эми Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында жаңы ооруканалар курулуп жатат.

Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы, Кемин районунун Орловка айылындагы, Чолпон-Ата, Каракол, Баткен, Көк-Жаңгак жана Жалал-Абад шаарларындагы медициналык мекемелердин капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Токмок, Талас жана Ош шаарларында жумуштар графиктин негизинде жүрүүдө, 2020-жылдын октябрь айында бүткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM