Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Акыркы суткада 7 медицина кызматкери вирус жуктуруп алган

Кыска кабар | 26 Сен 2020 | 652 | 0

Акыркы суткада коронавирус жуктуруп алгандардын жаңы 158 учуру катталды. Анын эң көп учуру — Баткен облусунда. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жуктуруп алгандардын ичинен жетиси медицина кызматкерлери болгон. Кыргызстанда вирус тарагандан бери жалпы 46 090 жаран илдетке чалдыкты. Илдет жуктуруп алгандар:

— Бишкек шаарында — 22;
— Ош — 9;
— Чүй облусу — 12;
— Ош облусу — 22;
— Талас облусу — 2;
— Нарын облусу — 3;
— Ысык-Көл — 11;
— Жалал-Абад — 34;
— Баткен — 43.

Ал эми сутка ичинде 155 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды. Ошону менен айыгып чыккандардын жалпы саны 42 302ге жетти.

Copyright © 2017 Maral FM