Биз менен байланышыңыз

«Бавария» УЕФАнын Суперкубогун утуп алды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 524 | 0

Бавария кошумча убакытта Севильяны жеңип, УЕФАнын Суперкубогун утуп алды. Негизги убакытта командалар 1: 1 эсебинде тең чыгышты. Кошумча убакыттын 104-мүнөтүндө голду «Бавариянын» жарым коргоочусу Хави Мартинес киргизди.

Мелдеш Будапешттеги стадиондо болуп, карантинден кийин биринчи жолу күйөрмандардын катышуусуна уруксат берилди. Башкача айтканда «Пускаш Арена» стадионун 30 пайызга чейин толтурууга уруксат берилди.

Бул — мюнхендик «Бавария» командасынын тарыхындагы экинчи жеңиши. Буга чейин 2013-жылы кубокту алууга жетишкен. Севилья буга чейин кубокту бир гана жолу− 2006-жылы жеңип алган.

Copyright © 2017 Maral FM