Биз менен байланышыңыз

Таланттуу жубайлар Назбек Кенчинбаев жана Нурайым Азыкбаева кыздуу болушту    

Кыска кабар , Шоу-бизнес | 24 Сен 2020 | 813 | 0

Комузда кол ойнотуп кыргыз элине таанылган жаш түгөйлөр − комузчу  Назбек Кенчинбаев менен скрипкачы Нурайым Азыкбаева кыздуу болушту. Алгач ирет  «Ата» статусуна ээ болуп, кубанычы койнуна батпай жаткан комузчу сүйүнүчүн  «Марал» радиосуна төмөндөгүдөй билдирди.

«Кызыбыз кечээ, 23-сентябрь күнү шаарыбыздагы жеке төрөтканалардын биринде жарык дүйнөгө келди. Эне-баланын абалы жакшы. Өзгөчө толкунданып, кубанып эле жүрөм. Азыр дагы ошол жакка баратабыз. Кызыбыздын атын чоң атасы коет. Кызым 3кг 200г салмакта төрөлдү. Бою 55 см. Учурдан пайдаланып, баардык куттуктап жаткан инсандарга ыраазычылыгымды билдирем.»

«Марал»радиосунун эмгек жамааты таланттуу үй- бүлөнү кубанычы менен куттуктап, наристеге бекем ден-соолук, узун өмүр каалайт.

Copyright © 2017 Maral FM