Биз менен байланышыңыз

23-сентябрда бийик тоолуу райондордо кар жаайт

Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 604 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 23-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;

Таласта түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18;

Нарын облусунун аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18;

Бишкекте 22-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +21…+23.

Copyright © 2017 Maral FM