Кыргызгидромет билдиргендей, 23-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;
Таласта түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18;
Нарын облусунун аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18;
Бишкекте 22-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +21…+23.