Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын вице-премьер министри коронавирустан улам көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Сен 2020 | 418 | 0

Кечээ, 20-сентябрда Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Уктам Барноев 56 жашында көз жумду. Ага коронавирус оорусу жукканы июнь айында аныкталып, дарыланып жаткан.

Маркум 2016-жылдан 2020-жылга чейин Бухара облусунун акими болгон. 2020-жылдын февралында Өзбекстандын агрардык өнүктүрүү жана азык-түлүк тармагындагы маселелер боюнча вице-премьер-министри болуп дайындалган болчу.

Соңку бир күндө Өзбекстандын аймагында коронавирус дагы 648 адамдан аныкталды. Пандемия башталгандан бери жалпы 51 миң 640 адамга коронавирус жукканын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Бардыгы болуп 433 адам коронавирустун кесепетинен каза тапты. Учурда жалпы 47932 адам айыккан. Бул жалпы сандын 93 пайызын түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM