Биз менен байланышыңыз

Орусия менен Кыргызстан туруктуу аба каттамдарын жандантат

Кыска кабар | 19 Сен 2020 | 3963 | 0

Орусия Кыргызстан, Казакстан, Беларусия жана Түштүк Кореяга болгон аба каттамдарын жандантат. Бул тууралуу INTERFAX.RU маалымат булагы жазды.

 Орусиянын жаңы коронавирустук инфекциясынын жайылышынын алдын алуу ыкчам штабы кийинки жумадан тарта аталган өлкөлөр менен каттамдарды жандантуу чечимин кабыл алган.
Ага ылайык, 21-сентябрдан тарта Кыргызстан (Бишкек), Казакстан (Нур-Султан) жана Беларус (Минск) өлкөлөрү менен кош тараптуу эл аралык аба каттамдары иштеп баштайт.
Азырынча бул рейстер жумасына бир жолу аткарылары айтылууда.
Орусия менен болгон туруктуу аба каттамдары коронавирустун жайылуу коркунучунан улам ушул жылдын жаз мезигилинде токтотулган болчу.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 21-августта 32 өлкөгө авиа каттамдар боюнча эшигин ачты. Орусия менен сентябрь ичинде 20дан ашык рейс аткарылды.

Орусияга Кыргызстандан кимдер кете алат?

Буга чейин Орусиядагы кыргыз мигранттары туруктуу каттамдар ачыла электигинен улам, Орусиядан Кыргызстанга каттаган чартердик рейстердеги билеттердин баасы кымбат болуп жатканын айтып чыгышкан.

Чартердик рейстерди көбөйтүү менен билет баасы арзандайбы?

Copyright © 2017 Maral FM