Биз менен байланышыңыз

Чартердик рейстерди көбөйтүү менен билет баасы арзандайбы?

Коом , Саясат | 16 Сен 2020 | 4005 | 0

Орусия менен учурда чартердик рейстер аткарылып жатат. Бирок дагы деле туруктуу каттамдар ачыла элек. Туруктуу каттамдардын жоктугу билет баасынын кымбат болушун шарттап жатат. Орусия менен авиа каттамдар качан калыбына келтирилет жана билет баалары качан арзандайт? Билет бааларынын кымбат болушу мигранттардын мекенге кайтуусуна көйгөй жаратуудабы?

«Марал» радиосуна Орусиядагы эмгек мигранттары тарабынан Бишкекке учак баалары кымбат болуп жаткандыгы боюнча кайрылуу келип түштү. Мигранттын айтымында, билеттерди авиа кассалардан сатып алуу мүмкүн болгону менен баасы арзандаган эмес.

«Билеттер Новосибирскиден Бишкекке 25 миң сом болуп жатат. Өткөндө чартердик рейстер деле ушундай болуп жаткан болчу. Муну чечиш үчүн кайсы жакка кайрылыш керектигин билбей жатабыз«, — деп билдирген Новосибирскиден эмгек мигрант.

Ушундай эле билдирүүсүн Фейсбук сациалдык тармагынын колдонуучулары да калтырган.

— Билет качан арзандайт? (Диля Ниязова)

— Билет баасын көзөмөлдөгөндөр барбы, билет баасы асманга чыкты го? ( Эркинбек Зулунов)

— Качан Орусия менен туруктуу каттамдар ачылат, билеттин баасы асманда. (Ак-Мөөр Мусаева)

 

Орусия менен туруктуу каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы буга чейин айтылган. Ага ылайык, Орусия качан чек арасын ачып, тиешелүү чечим чыккандан кийин туруктуу каттамдар аткарыла баштай турганы белгилүү болгон. Бирок азыр  Орусиянын көп шаарлары менен чартердик каттамдар аткарылууда. Мындан сырткары, мурда Орусиянын төрт шаары менен чартердик каттамдар аткарылып жаткан болсо, сүйлөшүүлөрдүн негизинде дагы 2 шаар — Красноярск жана Сургут шаарлары кошулган.

Учурда билет баалары канча турат?

Москва — Бишкек каттамы боюнча 19-20- сентябрларга карата авиакомпаниялардын сайттарында билет баалары 32 миңге чейин көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда бул баалар айдын аягында 20 миңге чейин түшө тургандыгын да көрүүгө болот. Ал эми кийинки айларга баалар 10 миң сомдон болмокчу.

Билеттердин бааларын арзандатуунун бир эле жолу бар экендигин, ал жол чартердик рейстерди көбөйтүү экендигин Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

«Учурда рейстердин баары чартердик рейстер болгондуктан, ал рейстердин санын көбөйтүп конкуренция түзсөк , билеттердин баасы арзандайт»  — деди Акышев.

Ошондой эле ал Жарандык авиация агенттиги билеттердин бааларын көзөмөлдөй албай тургандыгын, аны авиакомпаниялар өздөрү кое тургандыгын кошумчалады.

Орусия тараптан үч авиакомпания «Аэрофлот», «Сибирь», «Урал» авиакомпаниялары, кыргыз тараптан «Авиатрафик» компаниясы, жалпы төрт компания сентябрь айында чартердик каттамдарды көбөйтүп, атаандаштыктын негизинде билет баалары төмөндөй тургандыгы күтүлүүдө.

Белгилей кетсек буга чейин Орусиянын шаарларынан Кыргызстанга келүү  үчүн элчиликтин тизмесине кирип, андан соң учуп жаткан. Эми болсо жарандар түздөн-түз авиакомпаниялардын кассасынан билет ала алышат.

Кыргызстанга эл аралык каттамдардын «эшиги» толук ачыла элек

Copyright © 2017 Maral FM