Биз менен байланышыңыз

Орусияга Кыргызстандан кимдер кете алат?

Кыска кабар | 8 Сен 2020 | 2887 | 0

Кыргызстан башка мамлекеттерге авиа каттамдарды этап-этабы менен калыбына келтирип жатат. Орусия менен сентябрь ичинде 20 рейс аткарылды. 21-августта 32 өлкөгө эшигин ачты. Мындай маалыматты премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Учурда бир катар кыргызстандык жарандарга Орусияга кирүүгө уруксат берилди. Алар:

— Орусиянын жарандыгы барлар;
— Орусияда жакын туугандары барлар (баласына, жубайына, ата-энесине барып келүүгө);
— медициналык жардамга муктаждар;
— жакын туугандары каза болсо;
— бейтапты караган адамдар;
— спортчулар ж.б.

Өкмөт башчынын айтымына караганда, калган жарандарга кирүүгө уруксат жок, бирок бул чектөөлөр да жакында алынат.

Ал эми окуусуна кете албай жаткан студенттер боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Орусия студенттерди киргизүү боюнча алгоритмдердин үстүндө иштөөдө.

Copyright © 2017 Maral FM