Биз менен байланышыңыз

19-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 408 | 0
Автор: Зафер Динжер

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 19-сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Кээ бир райондордо нөшөрлүү жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22;

Таласта түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25 градус;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+16, күндүз +12…+17;

Бишкекте 19-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22 градус жылуу болот.

Copyright © 2017 Maral FM