Биз менен байланышыңыз

Футболчу бразилиялык клубдун президентин өлтүрүүгө шектелүүдө 

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 374 | 0

Бразилия чемпионатынын төртүнчү дивизионунун ардактуу президенти Хосе Данилсон Альвес де Оливейра бычактан жаракат алып көз жумду. Шектүү катары команданын мурдагы оюнчусу Винисиус Корсини көрсөтүлүп жатканын Globo Esporte жазды.

Гезиттин маалыматы боюнча, 28 жаштагы Корсини Данилсонго кайрылган, андан кийин алар урушуп, натыйжада ардактуу президент бычакталган.

Оюнчу качып кетүүгө аракет кылган, бирок полиция келгенге чейин аны жакын жердеги адамдар кармашкан. Корсини кылмышка шектелип камакка алынган.

Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, ага операция жасалган. Бирок 58 жаштагы Данилсон алган жаракатынан улам көз жумган.

Данилсон отставкадагы аскер полиция кызматкери, 2013-2017-жылдары Роландия муниципалитетинин кеңешчиси жана мэрдин орун басары болгон.

Роланд шаарынын мэри Данилсон үчүн расмий түрдө аза күтүү жарыялады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM