Биз менен байланышыңыз

Парламенттик шайлоо боюнча эл эмне дейт? (сурамжылоо)

Кыска кабар , Саясат | 17 Сен 2020 | 1488 | 0

«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоо алдында элден сурамжылоо жүргүзүп, анын жыйынтыктарын жарыялады. Ага ылайык, сурамжылоого катышкан жарандардын  74 пайызы шайлоого катышууну пландап жатат. Респонденттердин 58 пайызы кайсы партияга добуш берерин азырынча билбейт. Ал эми 14 пайызы «баарына каршы» добуш берерин белгилейт. 15 пайызы добуш бергиси келген саясий партиялардын атын аташкан. Алар кайсы партиялар? Сурамжылоого канча киши катышты? Жарандар партияларды эмнесине карап тандайт?


Шайлоочулардын 75% алдыдагы парламенттик шайлоого катышууну пландап жатат. Ал эми 11 пайызы пандемиядан улам ден соолугунан кооптонуп, добуш берүүгө барбайт. Мындай жыйынтык 2020-жылдын 21-августунан 4-сентябрына чейин «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоодон кийин белгилүү болду. Сурамжылоо пандемияга байланыштуу телефон аркылуу өткөрүлдү. Ага 18 жаштан өйдө курактагы 1202 респондент катышты. Бул тууралуу «Жалпы иш» коомдук фондунун жетекчиси Аида Сүйүндүева билдирди.

— 15 кызматкер телефон аркылуу сурамжылоо жүргүздү. Ар бирине 15 мүнөттөй убакыт кетти. Биз жарандардын шайлоо жөнүндө ойлору, катышууга даярдыгы, кайсы партияга добуш бериши шайлоо учурундагы көйгөйлөр тууралуу пикирин чогулттук. Сурамжылоонун натыйжасы шайлоонун жыйынтыгынан кабар бербейт, азырынча антип айтууга эрте. 27-сентябрда экинчи телефондук сурамжылоонун жыйынтыктарын жарыяларбыз. Анда да динамиканы байкоо үчүн суроолор кайталанат. Мындан тышкары форма №2 боюнча да суроо кошулат.  

Социологиялык изилдөө өлкөнүн бардык облустарында жүргүзүлгөн. Социолог Мадина Шарафуддинованын айтымында, ага 1202 респонденттин катышканы  жетиштүү болуп саналат жана 95% ишенимдүү ылдамдыкта Генералдык жыйындынын деңгээлинде +/- 2.8% тактык менен корутунду чыгарууга мүмкүндүк берет.

Ал белгилегендей, «Жалпы иш» коомдук фонду шайлоочулардын кайсы бир партияга добуш берүүсүнө эмне түрткү болорун да аныктады.

Сурамжылоого катышкандардын:

  • 31% — партиянын программасынын мазмунуна карайт;
  • 24% — билбейм/ жооп берүүдөн кыйналып турам деп айтышкан;
  • 23% — талапкерлердин тизмеси;
  • 19% — партиянын/депутаттын бедели;
  • 12% — пандемия учурундагы гуманитардык жардам;
  • 10% — шайлоого чейинки социалдык жардам;
  • 6% — жакын чөйрөнүн пикири;
  • 5% — лидерлердин пикири;
  • 3% — үгүт иш-чараларына карата добуш берерин айткан.

Жарандардын шайлоо тууралуу пикирлери суралды

Маалыматка ылайык, сурамжылоого катышкандардын 55 пайызы өздөрүнүн шайлоо укуктары жөнүндө жана шайлоочулардын тизмесинен аты-жөнүн тактоо керектигин билишпейт. Ал эми 51 пайызы шайлоо күндөгү жол-жоболор тууралуу маалыматка ээ эмес.

Респонденттердин 65 пайыздан ашыгы добуштардын сатылуу ыктымалдыгы жогору болорун белгилешет.

Ал эми 47 пайызы административдик ресурс колдонуу божомолу «жогору деңгээлде» деп эсептейт.

Эл добуш бергиси келген үч партияны атады

Сурамжылоого катышуучулардын 14 пайызы «баарына каршы» добуш берет. Ал эми 58 пайызы кайсы партияга добуш берерин азырынча билбейт.

Бул өлкөдө партиялар туруксуз экенинен кабар берет. Эми Борбордук шайлоо комиссиясы сурамжылоонун жыйынтыгына жараша тийиштүү иш-чараларды аткарышы керек. Мындай пикирни саясат талдоочу Эмил Жураев билдирди.

— Сурамжылоого 1200дөн ашык киши катышкан. Бул сан статистиканын методологиясынын негизинде жетиштүү. Натыйжаларды кайсы бир деңгээлде кооптонуу менен окуу зарыл. «Баарына каршы» добуш берүүчүлөр көп. Буга акыркы убактарда депутаттарга карата  нааразычылыктар себеп. Мындан сырткары, партиялардын багыты, баалуулуктары так болбогондуктан, шайлоочулар тандай албай жатат. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу боюнча пикирлер да кооптуу, шайлоого терс таасирин тийгизет.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

Copyright © 2017 Maral FM