Биз менен байланышыңыз

Жарандардын шайлоо тууралуу пикирлери суралды

Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 615 | 0

«Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкан жарандардын 55 пайызы шайлоочулардын тизмесинен өзүнүн аты-жөнүн тактоо керектиги тууралуу маалыматы жок. 51 пайызы шайлоо күндөгү жол-жоболор тууралуу маалымат алган эмес.

Респонденттердин 55 пайызы өздөрүнүн шайлоо укуктары жөнүндө билишпейт. 90 пайызы добуш сатып алуу кылмыш экенин билет.

38 пайызы бул жолку парламенттик шайлоодо «добуштарды сатып алуу ыктымалдыгы жогору деңгээлде» деп айтышкан, 27 пайызы добуш сатуу «өтө жогору деңгээлде» болорун белгилешти.

Респонденттердин 57 пайызы административдик ресурс колдонуу кылмыш экени жөнүндө маалыматы бар. 33 пайызы административдик ресурс колдонуу ыктымалдыгы жогору деңгээлде дешсе, 14 пайызы өтө жогору деңгээлде болорун айтышкан.

Добуш берүүгө эмне түрткү болот?

Сурамжылоого катышкандардын:
31% — программанын мазмунуна карайт;
24% — билбейм/ жооп берүүдөн кыйналып турам деп айтышкан;
23% — талапкерлердин тизмеси;
19% — партиянын/депутаттын репутациясы;
12% — пандемия учурундагы гуманитардык жардам;
10% — шайлоого чейинки социалдык жардам;
6% — жакын чөйрөнүн пикири;
5% — лидерлердин пикири;
3% — үгүт иш-чараларына карата добуш берерин айткан.

Сурамжылоо: Эл добуш бергиси келген үч партияны атады

Жарандардын шайлоо тууралуу көз караштары жөнүндө коомдук пикирдин сурамжылоосу «Жалпы иш» фонду тарабынан 2020-жылдын 21-августунан 4-сентябрына чейин жүргүзүлдү.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM