Биз менен байланышыңыз

Сурамжылоо: Эл добуш бергиси келген үч партияны атады

Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 8059 | 0

«Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкан жарандардын 94 пайызы 4-октябрда өтө турчу парламенттик шайлоо тууралуу маалыматы бар экенин айтышкан. Ал эми 74 пайызы шайлоого катышууну пландап жатат.

Сурамжылоого катышкандардын 11 пайызы коронавирустан улам ден соолугунан кооптонуп, добуш берүүгө барбай турганын айтышкан. 58 пайызы кайсы партияга добуш берерин азырынча билбейт. Алардын 14 пайызы «баарына каршы» добуш берерин белгилейт.


Парламенттик шайлоо боюнча эл эмне дейт? (сурамжылоо)


Респонденттердин 15 пайызы добуш бергиси келген саясий партиялардын атын аташкан. Алардын жооптору боюнча үч алдыңкы партиянын катарына «Мекеним Кыргызстан» (3%), «Биримдик» жана «Ата Мекен» партиялары 2% менен киришти.

Жарандардын шайлоо тууралуу көз караштары жөнүндө коомдук пикирдин сурамжылоосу «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан 2020-жылдын 21-августунан 4-сентябрына чейин жүргүзүлдү.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM