Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: 2024-жылдын соңуна чейин баарын эмдөө мүмкүн эмес

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 422 | 0

Эң ири вакцина чыгаруучу компания 2024-жылдын аягына чейин баарын коронавирус вакцинасы менен эмдөө мүмкүн болбой тургандыгын жарыялады.

Дүйнөдөгү ири вакцина чыгаруучу Индиянын Serum институтунун (SII) директору Адар Пунавалланын айтымында, дүйнөдө коронавирустук вакцинага болгон муктаждык 2024-жылдын аягынан кийин гана толук канааттандырылышы мүмкүн.

«Вакцина планетанын баардык адамдарына жетиши үчүн төрт жылдан беш жылга чейин убакыт талап кылынат», — деп билдирди Financial Times гезитине SII’дин директору Адар Пунавалла.

Анын айтымында, эгерде ар бир адамга COVID-19 вакцинасынын эки дозасы керек болсо, анда дүйнөгө 15 миллиард доза вакцина керек.

Фармацевтикалык компаниялар 2024-жылга чейин вакцинага болгон суроо-талапты канааттандыруу үчүн өндүрүш кубаттуулугун тездик менен кеңейтпей жатышат.

Serum Institute of India — дүйнөдөгү эң ири вакцина өндүрүүчү компания. Компания COVID-19га каршы вакциналарды иштеп чыгып жаткан АКШнын Новавакс жана Швеция-Британия AstraZeneca компаниялары менен кызматташып жатканы белгиленди.

Мындан тышкары, Serum Institute Орусиянын Гамалея изилдөө борбору менен кызматташышы мүмкүн.

Компания AstraZeneca менен түзүлгөн келишимдин негизинде 68 өлкө үчүн коронавирустук вакцинаны чыгарат, вакцинанын бир дозасынын баасы болжол менен 3 доллар.

Новавакс менен түзүлгөн келишимге ылайык, 92 өлкө үчүн вакциналар чыгарылат.

Copyright © 2017 Maral FM