Биз менен байланышыңыз

Казакстандык ырчы Кайрат Нуртас мушташка аралашты

Кыска кабар , Шоу-бизнес | 14 Сен 2020 | 1121 | 0

Буга чейин ырчы Кайрат Нуртас Актау облусундагы беш жылдыздуу мейманкананын күзөтчүсүнө мас абалында кол көтөрүп, мурдун сындырып салды деген маалымат тараган. Кайрат Нуртастын Инстаграм баракчасынан  үй — бүлөсү менен дагы Актауга эс алып барганын көрүүгө болот.

Аталган шаардын  милициясы Кайрат Нуртастын бул окуяга тиешеси бар, же жок экенин ачык айткан жок. Бирок шаардык полиция башкармалыгы Актау шаарындагы конок үйлөрдүн биринде бейбаштык аракеттер болгонун тастыктады. Бул факт боюнча Казакстандын Кылмыш кодексинин 293-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, бейбаштык боюнча сотко чейинки тергөө башталды.

«Тергөө иштери аякталмайынча, башка маалыматтар айтылбайт», — деп билдиришти шаардык полициядан.

Ал эми ырчынын директору Мира Келимбетова Кайрат Нуртас мушташпаганын айтып чыкты.

«Кайрат мушташ чыгарган жок, эч кимдин мурдун сындырган жок.  Бул — жалган маалымат. Кайрат — өтө тарбиялуу, дипломат адам, бирөөлөр анын атын булгагысы келген чыгар»,- деди Мира Келимбетова.

Copyright © 2017 Maral FM