Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Эреже бузган кафе-ресторан ээлери жоопко тартылат

Кыска кабар | 12 Сен 2020 | 551 | 0

Өзгөчө кырдаал учурунда II ирет эрежелерди бузган коомдук тамактануу жайларына карата кылмыш иши козголот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Ага ылайык, шаардагы эпидемиологиялык курч кырдаалга байланыштуу вице-мэр Азиз Алымкуловдун коомдук тамактануучу жайлардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча буйругу чыкты.

11-сентябрда чыккан буйрукка ылайык райондун акимдери, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору, санитардык-экологиялык инспекция бул багытта ишти күчөтөт. Коомдук тамактануучу жайлар менен кошо кафе-ресторандар да катуу көзөмөлгө алынат.

Биринчи эреже бузууга айып жана эскертүү берилет. Бул көрүнүш дагы кайталанса, айып пул салынып, кылмыш иши козголот. Чара менчигинин түрүнө карабастан баарына бирдей каралат.

Бул чектөөлөр Бишкектеги эпидемиологиялык абал жакшырып, атайын буйрук чыкканга чейин сакталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM