Биз менен байланышыңыз

«Баарына каршы» добуш берүү. Кимге пайда?

Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого карата элдин маанайы терс. Мындай көрсөткүчтөрдү маалымат каражаттары жана ар кандай уюмдар жүргүзгөн сурамжылоодон байкоого болот. Алардын дээрлик бардыгында «Баарына каршы» добуш бергендер алдыңкы орунда турат.

Мисалы, АКИpress маалымат агенттиги жүргүзүп жаткан сурамжылоодо баарына каршы добуш берген окурмандар 28% менен алдыңкы орунда экенин көрүүгө болот.

«Эл аралык республикалык институту» (IRI) аналитикалык изилдөөсүнө ылайык жүргүзгөн сурамжылоодо Кыргызстандын көпчүлүк шайлоочулары «Баарына каршы» добуш берген. Сурамжылоого катышкандар 18 жаштан жогору, шайлоого укугу бар жарандар болгон.

Алардын ичинен 15%ы баарына каршы ниетин билдирсе, 10%ы шайлоого катышпастыгын айткан. Ал эми «билбейм» деп жооп бергендер 27%ды түзөт. Калган катышуучулар ар кайсы партияларды шайлай тургандыгын билдиришкен.

«Баарына каршы» маанай менен жарандык активисттер, маданият өкүлдөрү дагы коомчулукка оюн билдирип чыгып, кээ бирлери ага үндөп жатышат.

Ак таңдай акын Аалы Туткучев да мындан бир нече күн мурун өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына баарына каршы добуш берерин жана коомчулукту да ошону колдоосуна чакырып кайрылуу жасаган. Бирок көп өтпөй ал постун өчүрүп койду.

Ошондой эле пикир менен ырчы Сыймык Бейшекеев да Инстаграм баракчасына «Баарына каршы» деген добушту келечекке кедергим тийбесин деген пикир менен колдоорун айтып чыкты.

Ал эми жарандык активисттерден «Беспредел KG» баракчасынын модератору Афтандил Жоробеков окурмандарды бардык партияга каршы турууга, аларга каршы добуш берүүгө үндөп келе жатат. Активисттин пикиринде, эгерде келе жаткан партиялардын баарына каршы болуу менен шайлоону жеңип чыкса, экинчи жолу өткөн шайлоодо жалаң таза партиялар катышат.

Жоробеков мындай кадамдар менен бийликке «сигнал» бергиси келерин да айтат. Анткени, ар шайлоодо административдик ресурстар колдонулуп, добуш сатып алуулар дагы деле уланып келет. Баарына каршы добуш берүү менен эски көз караштарга, системага өзгөртүү киргизүү керектигин билдирет.

 — Баарына каршы деген – азыркы системага ишенбестикти билдирет. Мамлекет административдик ресурстарды пайдаланууга жана добуштарды сатып алууга тыюу сала албаса, анда жарандык коом ишке ашырып койсо болот. Ал үчүн баарына каршы добуш беришибиз керек. Эгер баарына каршы турбасак эмне болот? 2015-жылкы шайлоодогудай бийликтин үч-төрт партиясы барып, 80 мандат алат. Мурдагысында деле ушундай болгон да, бийликке жакын партиялар өтүп келген. Оппозицияны болсо оозун жаап отургузуп коет, — дейт активист.

Жоробеков ошондой эле мындай кадам менен олигархтарды, шайлоого аттанган азыркы депутаттарды банкрот кылып, кийинки шайлоого катышуудан коркуткусу келерин да кошумчалады:

 — Эгер «Баарына каршы» биринчи орунду алса, мен ойлойм, мурдагы партиялар, талапкерлер экинчи жолу барбайт. Алар баргандан коркуп калышат. Эгерде бара турган болсо деле кайрадан каршы добуш берип, экинчи жолу кулатып койсо болот.

Бирок мындай пикирди туура эмес деп эсептегендер дагы бар. Анткени бийликтин партияларына, анын жүргүзүп жаткан саясатына каршы пикирди билдирүү менен Жогорку Кеңешке аттанган партияларга каршы добуш берүүнү айкалыштырбаш керек. Мындай пикирди политолог, саясат таануучу Азим Азимов «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, бийликтин партиялары добуш сатып алып, административдик ресурстарды колдонуп парламентке келишет. Ошондуктан, добушун саткандар сата берет, коркуп шайлагандар шайлай берет, ал эми   бийликтин саясатына каршы пикирдеги шайлоочулар «баарына каршы» добуш берип, татыксыз партиялардын Жогорку Кеңешке өтүүсүнө, алардын көп мандат алуусуна жол ачат.

 — Баарына каршы добуш берүү менен жарандар бийликтин жана ага жакын болгон партиялардын парламентке көбүрөөк мандат менен келүүсүнө шарт түзөт. Анткени, «баарына каршы» дегенди көбүнчө бийликти колдобогон жарандар тандайт. Бийликке кандайдыр бир «сигнал» берүү үчүн баарына каршы добуш берип эмес, бийликчил партияларга эң аз добуш берүү менен жеткиришибиз керек, — дейт Азимов.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, «Баарына каршы» добуш берген жарандар көпчүлүктү түзүп, биринчи орунду алса, шайлоо жокко чыгарылат жана кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Бирок партиялардын кайрадан шайлоого катышуу укугу тууралуу мыйзамда так айтылган эмес.

Анткен менен, «баарына каршы» добушу жеңип чыккандан кийин катышкан партиялар кийинки шайлоого катышуусуна моралдык укугу жок болуп калат. Мындай пикирин Боршайкомдун мүчөсү Атыр Абдрахматов билдирди:

 — Мыйзам боюнча бул тандоо шайлоочунун өзүнүн укугу. Эгерде «баарына каршы» биринчи орунду алып, жеңип чыкса, анда шайлоо башынан өтөт. Бирок ошондо ушул эле партиялар кайра эле катышабы, же жокпу бул чоң суроо. Бирок биринчисинен өтпөй калган партиялар экинчи жолу катышууга моралдык укугу жок, — дейт Абдрахматова. 

Буга чейинки акыркы шайлоолорго көз чаптыра турган болсок, 2015-жылкы парламенттик шайлоодо 12 500 шайлоочу баарына каршы добуш берсе, 2017-жылкы президенттик шайлоодо 13 талапкердин ичинен 12 300 добуш менен 4-орунга чыккан.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Ага 16 партия ат салышып жатат. Каалаган жарандар 17-номур менен «Баарына каршы» добуш берүүгө болот.

Copyright © 2017 Maral FM