Биз менен байланышыңыз

ДССУ коронавируска каршы эмдөөлөрдүн бирин сыноо токтотулганын түшүндүрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 320 | 0

ДССУ AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасын тестирлөөнүн токтотулушун кубаттап, анализдерге катышкан ыктыярчылардын коопсуздугу биринчи орунда тургандыгын баса белгиледи. Бул тууралуу британдык-шведдик фармацевтикалык компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

ДССУ «ыктыярчылардын коопсуздугун, вакциналардын эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык вакциналарды тестирлөөдө түзүлгөн тест протоколдоруна толук шайкеш келүүнү» сунуш кылат.

«Вакцинаны иштеп чыгуучулар тесттердин илимий ишенимдүүлүгүн камсыз кылып жаткандыгы жана вакцинаны иштеп чыгуу принциптери менен эрежелери сакталгандыгы бизди кубандырат», — деп айтылат ДССУнун билдирүүсүндө.

Британиянын саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкок вакцинанын коопсуздугуна толук көзү жеткенде гана өкмөт массалык түрдө колдонууга уруксат берерин билдирди.

Буга чейин, AstraZeneca катышуучулардын бири жаракат алгандан кийин вакцинанын 3-этабын сыноону токтоткон. Коронавирустук вакцина сыноолору биринчи жолу токтотулду. Себеби, эмделген ыктыярчылардын бири коронавирусту жуктуруп алган.

Көз карандысыз комитетке вакцинанын коопсуздугу жөнүндө маалыматты карап чыгууга уруксат берүү үчүн тестирлөө убактылуу токтотулду.

Copyright © 2017 Maral FM