Биз менен байланышыңыз

Орусия: Бир суткада 5 миңден ашуун адамда коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Сен 2020 | 460 | 0

Акыркы суткада Орусияда коронавирус инфекциясынын 5 миң 195 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу 7-сентябрда ыкчам штабдан билдиришти.

Ага ылайык, өлкөдө соңку 24 саатта коронавирустан 51 адам каза тапты. Өлүмдөрдүн көпчүлүгү Москвада (14) жана Омск облусунда (5) аныкталды.

Орусияда коронавирустун курмандыктарынын жалпы саны 17 миң 820га жетти.

Жалпысынан пандемия башталгандан бери, Covid-19 1 млн 25 миң 505 адамда тастыкталды.  Анын ичинен 840 миң 949 адам айыгып чыкты. 210 миң 523 бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Copyright © 2017 Maral FM