Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды. Анын талапкерлиги парламенттин 3-сентябрдагы жыйынында колдоого алынды.
Шайназаров БШКнын мүчөлүгүнөн кеткен Назарали Ариповдун ордуна келди. Арипов шайлоого талапкер болгондуктан Боршайкомдогу мүчөлүк ыйгарым укуктарын токтоткон.
Тынчтык Шайназаровдун депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат.