Биз менен байланышыңыз

БШК «Кыргызстан» боюнча жогорку сотко кайрылды

Кыска кабар | 29 Авг 2020 | 529 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясы боюнча шаардык административдик соту чыгарган чечимге карата жогорку сотко кайрылды. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат бөлүмү кабарлады.

27-августта Бишкек шаардык административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын “Кыргызстан” партиясы боюнча чечимин мыйзамсыз деп тапкан болчу. Ал эми БШК өзүнүн чечимин мыйзамдуу деп эсептеп, партиянын документтерин экинчи жолу кабыл албай, Административдик соттун чечимине макул эместигин билдирди.

Эске салсак, шайлоого аттанган партиялар шайлоо күнүнө 40 күн калганда, башкача айтканда 24-август жергиликтүү саат боюнча 18:00гө чейин документтерин БШКга тапшырышы керек эле. Бирок, “Кыргызстан” партиясы документтерин туура эмес тапшырганы аныкталып, комиссиянын чечими менен кабыл алынган эмес. БШКнын мындай чечимине нааразылыгын билдирип, партия сотко кайрылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM