Биз менен байланышыңыз

Орусияда дагы 5 миңдей бейтап коронавирус менен катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Авг 2020 | 293 | 0

Акыркы сутканын ичинде Орусиянын аймагында коронавирус менен жаңы 4829 бейтап катталды. Алар федерациянын 84 аймагынан аныкталган. Алардын ичинен 1 103 адам — ооруну белгилери жок алып жүрүүчүлөр.

Муну менен Орусияда жалпы 980 405 адамдан коронавирус аныкталды. Оорунун кесепетинен акыркы суткада 110 адам көз жумуп, каза болгондордун жалпы саны 16 914 адамга жетти.

Copyright © 2017 Maral FM