Биз менен байланышыңыз

Гүлжигит Алыкулов «Кайраттагы» алгачкы голун киргизди (видео)

Кыска кабар , Спорт | 28 Авг 2020 | 2799 | 0

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов Алматынын «Кайрат» клубу үчүн өзүнүн алгачкы голун жаратты.

Кечээ, 27-августта Европа лигасынын алкагында «Кайрат» футбол клубу квалификациялык раундда биринчи оюнун өткөрдү. Ал Армениянын «Ноа» клубу менен беттешкен.

Алыкулов 12-мүнөттө өзгөчөлөнүп, Европа лигасында гол жараткан алгачкы кыргызстандык болуп калды.

Ал эми оюндун жыйынтыгында «Кайрат» атаандашын 4:1 эсебинде утуп, экинчи квалификациялык раундга жолдомо алды.

Гүлжигит Алыкулов ушул жылдын март айында Борбор Азиядагы мыкты жаш футболчулардын тизмесине кирген,

 2019-жылы Кыргызстандын мыкты футболчусу болууга жетишкен. Ал учурда Беларуссиянын “Неман” клубунан казакстандык “Кайрат” командасына өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM