Биз менен байланышыңыз

Жыл аягына чейин 11 чек ара объектилерин куруу жана оңдоо иштери бүткөрүлөт

Кыска кабар | 24 Авг 2020 | 352 | 0

Жыл аягына чейин 11 чек ара объектилерин куруу жана оңдоо иштери бүткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү мамлекеттик программасынын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча 24 объекттин курулушу жана капиталдык оңдоо жумуштары киргизилген. Алар: Баткен облусу боюнча — 20, Жалал-Абад облусу боюнча — 3 жана Ысык-Көл облусу боюнча — 1 объект.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 3 социалдык объекти бүткөрүлгөн:
• Баткен районунун Кыш-Туу айыл аймагынын Сай айылында ФАПтын курулушу;
• Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Тумшук айылында кубаттуулугу 10-04 кВт электр өткөрүү чубалгыларын төшөө жана трансформатор орнотуусу;
• Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын, Борбордук жана Арка-2 айылдарын суу менен камсыз кылуучу «Арка» суу түтүк тармагынын негизги курулуш иштерин реконструкциялоосу.

Ал эми 2020-жылдын планы боюнча жыл аягына чейин 11 социалдык объектини бүткөрүү пландалууда. Бүгүнкү күнгө карата Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Жоошук айылында М.Юсупов атындагы мектептин капиталдык ремонт иштери бүткөрүлдү. Учурда 10 объект боюнча курулуш-оңдоо иштери план боюнча жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM