Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Өткөн суткада 134 адам ооруп, 341 жаран сакайды

Кыска кабар | 23 Авг 2020 | 653 | 0

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19га 134 жаран кабылды. Бул тууралуу Респубикалык штаб маалымдады. Ооругандардын аймак боюнча бөлүнүүсү төмөнкүдөй:

-Бишкек — 33

-Ош – 3

-Чүй облусу – 12

-Ош облусу — 21

-Талас облусу – 5

-Нарын облусу – 8

-Ысык-Көл облусу – 16

-Жалал-Абад облусу – 27

-Баткен облусу — 9

Ошондой эле бир жаран көз жумду. Ал Ош облусунун тургуну болгон. Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 43023кө жетти.

Ал эми өткөн суткада 341 адам сакайып чыкты. Айыккандардын саны 36397ни түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM