Connect with us

Абдыманап Төрөбеков: Ырдын тагдырын талкалап койгон ырчылар бар

Бул  жолку  маектешим − обончу, ырчы  жана  ошондой эле  маданияттын  мыкты кызматкери, Кыргыз Республикасынын  эмгек сиңирген артисти Абдыманап Төрөбеков. Ал өзүнүн  жашоосундагы  жакшы  күндөрүн эстеп,  чыгармачылыкка  кантип  аралашып  калгандыгы  тууралуу  маек  курду.

— Кош келиңиз,кутмандуу күнүңүз менен!

— Кудай кушубак кылсын.

— Бул  программа ар  кыл  таланттын  чыгармачылык  жолун, башатын  чагылдырып келет.  Анда  сиздин  чыгармачылыгыңызга  дагы  баш  багалы?

— Мектеп кезинде эле чыгармачылык башталган.  Оштун Араван деген районунан болом,. Ал жерде мурда пахта эгилчү эле, ошол жакка баратканда жолдо катар ырдайт элек. Ошентип жүрүп көпчүлүк сен жакшы ырдайсын го деп айта баштады, анан өзүмдө да бир аз жандануу пайда боло баштады. Биздин мезгилде радио эле бар болчу. Ал жактан Рыспай Абдыкадыровдун жаңы ырларын берчү эле, ошолорду угуп, айрыкча ошол Рыспай Абдыкадыровдун аккордеон ойногону бизге жаңылык болуп, кызыгуум артып баштады. Мектепте кичинекей аккордеон бар эле, музыкант агайды ээрчип жүрүп  үйрөндүм. Ушинтип мектеп кезинен эле башталды. 10 -классты бүтүп жатканда акыркы коңгуроодо «Мектебим» деген ыр чыгарып ошону ырдагам, баары кубанышып, жакшы кабыл алышкан.

— Канча  ырга обон жараттыңыз?

— Азыр жүзгө жакын обонум бар, элдин арасында ырдалып жүргөн отуз-кырк ырым болсо, жарыкка чыга элек обондор  дагы бар. Буюрса,  жакында чыгарабыз.

— Жараткан обондоруңуздун канча пайызын өзүңүз ырдап чыктыңыз?

— Мен ырларымдын көбүн өзүм ырдап чыгам, анда-санда ырчылар сурап калса берип коем.

— Кайсы ырчыларга обон чыгарып ыр жазып бердиңиз?

— Гүлнара Кахарова ырдаган «Бир келип кетчи Ош жакка»,  «Жүрчү, жаным, бул жерден кетеличи»,  андан кийин көп эле ырчылар ырдады. Расул Маматкулов, Сыймык Бейшекеев дагы “5-б класс” деген ырымды авторун жазбай эле өзүнүн кассетасына кошо берсе, анын ыры экен деп билбей жүрүштү. Анан бир жерде экөөбүз дагы бир концертке катышып калдык эле, ошол жерден өзүм ырдап чыккам бул ырды, анан Сыймыкка бирөө  “Сыймык байке, бул ырыңызды өзүңүз ырдап жөнөтүңүзчү”деп айтыптыр (күлүп). Кийин “Кыз Бурак” тобу көп ырларымды ырдады. Кенже Дүйшеева «Өзүңдү эңсейм»,  «Жаштык»,  «Той ыры» деген ырларымды ырдады.

— Сиздин обондоруңуздун уурдап, жан дүйнөңүздү ыйлатып кеткендер  болду беле?

— Обонду урдаган учур болгон,  бул ырдын авторумун дегендер болгон да, өзүң эмгектенип, ошол ырга жан дүйнөңдү берип чыгарсаң, башка бирөө келип менин ырым деп жатса, аябай өкүнүчтүү да.

— Абдыманап Төрөбеков кандай үй- бүлөдө чоңоюп өстү?

— Жөнөкөй эле, эл катары айылда өстүм. Атам алты жашымда эле каза болгон, көп жыл болуп калды, апам болсо колхоздо иштеген, колхозчулардын эле үй- бүлөсүндө туулгам. Араван районунун Төлөйкан  деген айылынан болом. Балалык мезгилим ошол айылда өттү. Карл Маркс мектебин окуп бүтүрдүм, мектепти бүткөндө эле Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык факультетине тапшырып, ошол жакты аяктагам. Азыркы учурда Ош шаарындагы филармонияда иштейм.

— Обон гана жаратпастан, поэзияга да аралашып көрдүңүз беле?

— Албетте, чыгармачыл адам болгондон кийин, изденип тексттерди карап каласың да, акындар менен иштеп бир ушундай текст жазып бербейсизби десең ойдогудай болбой калат. Ошол учурда өзүм жазып, же болбосо жазган текстти бул жерин мындай кылыш керек деп өзгөртүп автордон сурап, анан ыр жазам. Чыгармачылыкта текстти дагы, обонду дагы өзүң жазсаң жакшы. Бирок Рыспай Абдыкадыров бир жолу угуп олтуруп, «обонун өзүң жазсаң текстин да өзүң жазбай, акындардын ырларынан ал» деп айтканы бар. Ошондон кийин акындарды карай баштагам. Көбүнчө Жолон Мамытов агайдын ырларына обон чыгаргам. Себеби,  бул киши мен ойлогондой кылып жазып коет эле да.  «Микробу жок тоолордун абасында» деген ырына да обон жазгам. Элге бат сиңип, элдик ыр болуп кеткен. Андан кийин “5- б класста” деген ыр болду. Айрыкча, Ош тарапта «эй, микробу жок» деп чакырышчу(күлүп). Бул ыр чыккандан кийин «5-б класс келе жатат» деп калышты.

— Сөзүн дагы, обонун дагы жазгандар көбөйүп кетпедиби, бул нерсеге сиздин көз карашыңыз?

— Жаш өтүп калгандан  кийин көп эле нерсе жакпай калат экен да. Өзгөчө мобу жаш балдар, поэзиянын “П” сын дагы билбегендер,  жазып алышып, же муундары туура келбейт, уйкаштыгы жок,  обону дагы жарашыгы жок.  Өздөрүнө жолугуп калганда айтсаң,  эми оюмду айтып жатпаймынбы деп калышат, оюнду айтканда да поэзиянын тартиби менен айтыш керек деп калам. Мындай конфликттер көп эле болгон. Бек Борбиевди көп айтышат обонун да өзү чыгарат деп, эми ал кандай чыгарышты, ырдашты билет,  такшалып калган да. Бирок баары бир акындар менен иштешкен туура деп билем.

— Балким сиздердей инсандар чогулуп,чектөө койсо кандай болот?

— Качантан бери эле айтылып келет.  замандын талабы ушундайбы билбейм, эч кандай кыргыздын кайрыгы жок,чет өлкөнүн обондорун алып эле жаштар өздөрүнүн табитин өздөрү бузуп жатат. Сындагандык эмес, өзүмдүн оюм: бир аз катачылыктар кетип калып жатат, мурда атайын айылдарга же борборго чакырып, көркөм кеңеш тандап алчу, он чакты ыр алып келсең бирөө өтсө өтөт, өтпөсө баары эле өтпөй эле калат эле. Мыкты ырчы, обончусуна чейин келип тапшырат эле. Бул нерсени кайра алып келүү үчүн Маданият министрлиги автордук укукту коргогон мекеме менен биргеликте иш алып барып, тартипке салыш керек.

— Азыркы учурда обончулардан кимди баалайсыз?

— Баалаганым эми жаштар арасынан Бек Борбиев, Болот Токтобаев, Кадыраалы Артыковдор. Эми биз Түгөлбай Казаков, Жолболду Алыбаев, ыраматылык Токон Эшпаевди угуп өстүк, ушул обончулардын обондоруна терең маани берем. Дүйнөлүк деңгээлдеги ырчылардан Денис Русовтун чыгармачылыгын баалайм.

— Обон чыгарып бер деп кайсы муундун өкүлдөрү көп кайрылышат?

— Орто муун деле бар, бирок айрыкча жаш ырчылар көп кайрылышат, кээ бирлерине чыгарып койсоң ырдын тагдырын талкалап койгон учурлар болот.

Copyright © 2017 Maral FM