Биз менен байланышыңыз

Монголияда коронавирус жуктуруп алгандардын 97 пайызы айыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Авг 2020 | 611 | 0

Монголияда коронавирус менен ооруган адамдардын дээрлик 97 пайызы айыкты. Акыркы сутканын ичинде дагы 5 адам айыгып чыккан. Жаңы бейтаптар жана адам өлүмү катталган жок.

Расмий маалымат боюнча, учурда 10 адам дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери Монголияда жалпы 298 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын баары — сырттан баргандар. Учурда 288 адам айыгып чыкты. Өлкөдө бул оорудан адам өлүмү катталган жок.

22-августка карата дүйнө боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны 22 миллиондон ашты. Оорудан 793 780 адам көз жумду. 14 миллиондон ашуун адам илдеттен сакайды.

Copyright © 2017 Maral FM