Биз менен байланышыңыз

Сентябрь айына 12 оорукана курулуп бүтөт

Кыска кабар | 22 Авг 2020 | 668 | 0

Саламаттык сактоонун 14 объектисин куруу жана оңдоп-түзөө иштерине жалпы 187 млн сом каржылоо ачылган. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Бүгүнкү күндө республика боюнча саламаттык сактоонун 5 объектисинин курулушу жана 9 оорукананын капиталдык оңдоо иштери толук кандуу аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, 2 курулуш объектиси республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү. Ал эми “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” КФ эсебинен Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында инфекциялык ооруканалардын жаңы 3 имаратын куруу жана республика боюнча 9 объектти капиталдык оңдоо-түзөө жумуштары каржыланууда.

Сентябрь айында 12 объектте жумуш аяктайт.

Copyright © 2017 Maral FM