Биз менен байланышыңыз

БШК: 22 саясий партия талапкерлердин тизмесин бекитти

Кыска кабар | 21 Авг 2020 | 1476 | 0

19-августта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитүү мөөнөтү бүттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, 20-августка чейин 22 саясий партия курултай өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин түзүп, бекитти.

Шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга 44 саясий партия кайрылган. Алардын ичинен 11 партия шайлоого катышпай турганын Боршайкомго оозеки, ал эми 8 партия жазуу түрүндө маалымдаган.


Шайлоого катышуудан баш тарткан партиялар тизмеси


«Кыргызстан патриоттору» жана «Билим Илим ордосу» партиялары эч кандай маалымат берген эмес.

Талапкерлердин алдын ала тизмесин жарыялаган партиялар:

«Реформа»;

 «Чоң Казат»;

«Замандаш»;

«Бүтүн Кыргызстан»;

«Ата Мекен»;

«Бир Бол»;

«Биримдик»;

«Республика» .

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Үгүттөө иштери 4-сентябрдан 3-октябрга чейин жүрөт.

Шайлоочулардын облус жана райондор боюнча саны (карта)

Copyright © 2017 Maral FM