Биз менен байланышыңыз

Мэрия «Ата Мекен» партиясына 13 миң сом айыппул салды

Кыска кабар | 18 Авг 2020 | 1742 | 0

Бишкек мэриясы «Ата Мекен» саясий партиясына Маданият министрлигинин астындагы жашыл чөптөрдү тебелеп салганы үчүн 13 миң сом өлчөмүндөгү айыппул салды.

«Жакында саясий партиялардын бири өткөргөн съездде «Бишкекжашылчарба» ишканасынын кызматкерлери өстүрүп келген жашыл аймак бузулду. Иш-чаранын уюштурган “Сан Маркетинг” компаниясы LED-экрандарын бак-дарактарга өтө жакын кылып, көк майсанга, айрым жабдууларын так эле мемориалдык комплекстердин үстүнө орнотушкан.

Биринчи май району боюнча Санитардык-экологиялык инспекциясы көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактысын аныктап,  «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 120 — беренеси боюнча протокол түзүлдү. Бузуучуларга 13 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынды»,- деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Эске салсак, «Ата Мекен» саясий партиясы кечээ, 17-августта, кезектеги сьездин өткөргөн. Анда партия парламенттик шайлоого карата талапкерлеринин тизмесин бекитти.

«Ата Мекен» партиясынын курамы бекитилди (тизме)

Copyright © 2017 Maral FM