Биз менен байланышыңыз

«Кепилдик фонду» тарабынан 7 айда 410 млн сомго кепилдик берилди

Кыска кабар | 18 Авг 2020 | 777 | 0

Быйыл жети айда «Кепилдик фонду» тарабынан 410 млн сомго кепилдик берилди. Бул тууралуу «Кепилдик фонду» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров билдирди.

Анын айтымында, аймактагы ишкерлерге кепилдик берүүгө басым жасалууда. Берилген кепилдиктердин жалпы санынын 98% өлкөнүн региондорундагы чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн колдоого багытталган.

«Быйыл жети айда «Кепилдик фонду» 410 млн сомго 983 кепилдик берди. Ал былтыркы жылдын ушул эле мезгилине караганда 3,5-4 эсеге көп. Бирок суммасы боюнча азыраак. Ал коронавирустан улам киргизилген өзгөчө кырдаал менен байланыштуу«, — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM