Биз менен байланышыңыз

Орусиядан 312 кыргызстандык алынып келинди

Кыска кабар | 15 Авг 2020 | 437 | 0

Кечээ, 14-августта, Ошко Санкт-Петербургдан 157 жаран, анын ичинде кичинекей балдар кайтарылды. Ошондой эле, Москва – Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен Бишкекке 155 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Бул каттамдар Кыргызстан менен Орусиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлеринен, КР Өкмөтүнүн алдындагы Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.

Министрлик билдиргендей, чет жерде жүргөн кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM