Биз менен байланышыңыз

Орусияда коронавирустан көз жумгандар 15,5 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Авг 2020 | 437 | 0

Орусиянын аймагында акыркы сутканын ичинде 5065 адамда коронавирус аныкталды. Ыкчам штабдын бүгүн, 14-августтагы маалыматы боюнча, жаңы бейтаптар федерациянын 83 аймагынан тастыкталып, 1313 бейтап (25,9 %) — коронавирус аныкталгандар менен байланышкан жана оорусу симптому жок өтүп жаткандар.

Ошондой эле, бир суткада 114 адам каза болду. 14-августка карата Орусиядагы бул илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 912 миң 823 адамга жетти. Анын ичинен 15 миң 498 бейтап көз жумса, 722 миң 964 киши айыкты.

Пандемия башталгандан бери 31,9 млн (акыркы суткада 304 миң) лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн. Учурда 231,5 миң адам дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.

Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путин Орусияда «коронавирус инфекциясына каршы дүйнөдөгү алгачкы вакцина» каттоодон өткөнүн, ошондой эле кыздарынын бири эмдөөгө катышканын билдирген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM