Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Орусиядагы жарандарын кесипке жана орус тилине бекер окутат

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Авг 2020 | 583 | 0

Өзбек бийлиги Орусиядагы жарандарына мамлекеттин эсебинен ар кандай кесиптерди жана орус тилин окутууну пландаштырууда. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёевдин 11-августтагы жарлыгында айтылат.

Үч айдын ичинде Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги жана башка ведомстволордун өкүлдөрү өзбек мигранттары көп жүргөн Москва, Санкт-Петербург, Казань, Екатеринбург, Новосибирск жана башка шаарларында Орусиянын билим берүү борборлору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек.

«Аталган шаарларда иштеген Өзбекстандын жарандарын, айрыкча кечинде (жумуштан кийин) окутууну уюштуруу боюнча орус тарап менен өз ара макулдашууга жетишүү чараларын көрүү зарыл», — деп айтылат документте.

Ушул эле максатта мамлекеттик органдар Орусиянын элдердин достугу университети, «Жаш кесипкөйлөр (WorldSkills Russia)» жана башка билим берүү уюмдары менен кызматташтыкты түзүшү керек.

Өзбекстандын Орусиядагы жарандарын окутууга кеткен чыгымдарын мамлекет чет өлкөдө иштеп жаткан жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо фонду аркылуу жабат.

Орусияга иштегени келген мигранттардын саны боюнча Өзбекстан биринчи орунда турат. 2019-жылдын биринчи жарымында эле 918 миң эмгек мигранттары келген. Экинчи орунда — Тажикстан, үчүнчү орунда — Кыргызстан. Алты айдын ичинде Орусиядан Өзбекстанга 2 миллиарддан ашык доллар которулган, жыл сайын 4 миллиард доллардан ашык акча которулат.

Copyright © 2017 Maral FM