Биз менен байланышыңыз

Минскте интернет жана социалдык тармактар ​​кайра ​​иштей баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Авг 2020 | 471 | 0

Беларусиянын борбор шаары Минскте мобилдик интернет жана социалдык тармактар ​​иштей баштады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 6:50дө бардык социалдык тармактар (Facebook, WhatsApp, Telegram жана башкалар)  бир эле учурда иштей баштаган. Алар жекшемби күнү кечинде, 9-августта, республикада президенттик шайлоо өткөндөн кийин өчүрүлгөн болчу.

Беларусиядагы нааразычылык акциялары өлкөдө президенттик шайлоодон кийин башталган. БШКнын маалыматы боюнча, учурдагы мамлекет башчы Александр Лукашенко 80,08% добушка ээ болгон. Коопсуздук күчтөрү нааразычылык акциясына чыккандарга күч колдонуп, көздөн жаш агызуучу газ, суу жана гранаталарды ыргытышкан. Ошондой эле 5 миңге жакын адам кармалып, бир активист каза болгон. Оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская президенттик шайлоодо жеңишке жетип, бирок бийликтин кысымы менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM