Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын аймагына кирип-чыгуу боюнча алгоритм өзгөрдү

Кыска кабар | 10 Авг 2020 | 502 | 0

Кыргызстандын аймагына мамлекеттик чек ара аркылуу өткөн жактарга, анын ичинде туризм максатында келген адамдар үчүн жаңы алгоритмдер бекитилди. Алгоритмдер адамдардын төмөнкү категориялары үчүн иштелип чыккан:

Эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү:

-Мамлекеттик чек арадан өтүп жатканда термометриядан өткөрүлөт;

-Коронавирустун клиникалык белгилери байкалган учурда ПЦР талдоо жүргүзүлүп, ооруканага жаткырылат;

-Клиникалык белгилери жок адамдар ПЦР анализдин жыйынтыгын алганга чейин чакырган адамдар тарабынан алдын ала даярдалган жерге барып туруулары керек;

-ПЦР анализинин жыйынтыгы таза чыккан учурда аларга жумуштарына чыгууга уруксат берилет.

Чет өлкөлүк жарандарды обсервациядан өткөрүү шарттары, ПЦР-анализден өтүүсү жана транспорт каражаттары чакырган тараптын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Кыргызстандын аймагына автоунаа менен келген жактар:

-Беткап режимин катуу сактоолору керек;

-Автоунаанын жүргүнчүлөрүн термометриядан өткөрүү;

-Короновирустун клиникалык белгилери аныкталганда ПЦР-анализ тапшыруу, андан ары ооруканага жаткыруу жүргүзүлөт.

Байланышта болгон жактарга «Stop COVID-19 KG» мобилдик тиркемеси орнотулат жана андан ары маршрут боюнча жиберилет.

Эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү:

-Учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында жана жүргүнчүлөрдү отургузууга чейин беткап тагынуу, аралыкты сактоо керек;

-Аба кемесинин бортунда/аэробекеттик комплекстердин учуп келүү залдарында жүргүнчүлөрдүн термометриясын өткөрүү;

-Жүргүнчүлөрдө коронавирус инфекциясына шектенүү болгон учурда/ошондой эле жүргүнчүлөрдүн жанында жайгашкан 6-8 орундардагылар обсервацияга жатышат/изоляция андан ары медиктердин байкоосунда болот;

-Байланышта болгон адамдардын чөйрөсүн аныктоо зарыл болгон учурда «Манас» ААК эл аралык аэропорту санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлерине жүргүнчүлөрдүн тизмесин берет;

-Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр андан ары маршрут боюнча жүрө алышат.

Copyright © 2017 Maral FM