Кыргызстандын аймагына мамлекеттик чек ара аркылуу өткөн жактарга, анын ичинде туризм максатында келген адамдар үчүн жаңы алгоритмдер бекитилди. Алгоритмдер адамдардын төмөнкү категориялары үчүн иштелип чыккан:
Эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү:
-Мамлекеттик чек арадан өтүп жатканда термометриядан өткөрүлөт;
-Коронавирустун клиникалык белгилери байкалган учурда ПЦР талдоо жүргүзүлүп, ооруканага жаткырылат;
-Клиникалык белгилери жок адамдар ПЦР анализдин жыйынтыгын алганга чейин чакырган адамдар тарабынан алдын ала даярдалган жерге барып туруулары керек;
-ПЦР анализинин жыйынтыгы таза чыккан учурда аларга жумуштарына чыгууга уруксат берилет.
Чет өлкөлүк жарандарды обсервациядан өткөрүү шарттары, ПЦР-анализден өтүүсү жана транспорт каражаттары чакырган тараптын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Кыргызстандын аймагына автоунаа менен келген жактар:
-Беткап режимин катуу сактоолору керек;
-Автоунаанын жүргүнчүлөрүн термометриядан өткөрүү;
-Короновирустун клиникалык белгилери аныкталганда ПЦР-анализ тапшыруу, андан ары ооруканага жаткыруу жүргүзүлөт.
Байланышта болгон жактарга «Stop COVID-19 KG» мобилдик тиркемеси орнотулат жана андан ары маршрут боюнча жиберилет.
Эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү:
-Учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында жана жүргүнчүлөрдү отургузууга чейин беткап тагынуу, аралыкты сактоо керек;
-Аба кемесинин бортунда/аэробекеттик комплекстердин учуп келүү залдарында жүргүнчүлөрдүн термометриясын өткөрүү;
-Жүргүнчүлөрдө коронавирус инфекциясына шектенүү болгон учурда/ошондой эле жүргүнчүлөрдүн жанында жайгашкан 6-8 орундардагылар обсервацияга жатышат/изоляция андан ары медиктердин байкоосунда болот;
-Байланышта болгон адамдардын чөйрөсүн аныктоо зарыл болгон учурда «Манас» ААК эл аралык аэропорту санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлерине жүргүнчүлөрдүн тизмесин берет;
-Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр андан ары маршрут боюнча жүрө алышат.