Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустан дагы 6 бейтап көз жумду, 258 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 10 Авг 2020 | 586 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен 6 адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Бишкек шаарынан — 3 бейтап, Ысык-Көл облусу боюнча – 1, Жалал-Абад облусу – 1, Баткен облусу – 1. Коронавирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1474 кишиге жетти.

Ошондой эле 10-августка карата өлкөдө коронавирустун жаңы 258 учуру катталды. Бул көрсөткүч аймактар боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт:

-Бишкек шаары боюнча 84;

-Ош – 24;

Чүй облусу – 17;

Ош облусу — 25;

Талас облусу – 5;

Нарын облусу – 10;

Ысык-Көл облусу – 21;

Жалал-Абад облусу – 37;

Баткен облусу — 35 учур.

Өлкөдө коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 40 миң 177.

Ошол эле учурда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 407 бейтап сакайды. Коронавирустан айыккандардын саны жалпы 32 миң 229га жетти.

Copyright © 2017 Maral FM