Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен 6 адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек шаарынан — 3 бейтап, Ысык-Көл облусу боюнча – 1, Жалал-Абад облусу – 1, Баткен облусу – 1. Коронавирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1474 кишиге жетти.
Ошондой эле 10-августка карата өлкөдө коронавирустун жаңы 258 учуру катталды. Бул көрсөткүч аймактар боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт:
-Бишкек шаары боюнча 84;
-Ош – 24;
—Чүй облусу – 17;
—Ош облусу — 25;
—Талас облусу – 5;
—Нарын облусу – 10;
—Ысык-Көл облусу – 21;
—Жалал-Абад облусу – 37;
—Баткен облусу — 35 учур.
Өлкөдө коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 40 миң 177.
Ошол эле учурда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 407 бейтап сакайды. Коронавирустан айыккандардын саны жалпы 32 миң 229га жетти.