Биз менен байланышыңыз

Бишкекке кире бериштеги санитардык-көзөмөл посттору алынды

Кыска кабар | 8 Авг 2020 | 488 | 0

Бишкекке кирип-чыга турган жердеги бардык санитардык-көзөмөл посттору алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечимди Жарандык коргонуу боюнча комиссия кабыл алып, буйрукка вице-мэр Азиз Алымкулов кол койду.

Бишкек шаарына карантин киргизилген учурда шаарга кире бериш жерлерде 12 санитардык-көзөмөл посту коюлган. Жерине инспекторлор, ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматы, атайын багыттагы полкунун кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттык сактоо министрликтеринен кызматкерлер тартылган.

24-марттан 15-апрелге чейин  Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Кийин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылган.

Бул эреже 11-майдан тарта токтоп, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM